http://ktrk.kg/Корея Республикасынан келген кыргызстандыктар карантинге алынды

Корея Республикасынан келген кыргызстандыктар карантинге алынды

11 Март 2020 , 22:42 555

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Корея Республикасынан келген кыргызстандыктар карантинге алынды. Бул туурасында Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды. 11-мартка карата өлкөнүн аймагында коронавирус катталган жок жана эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. 

Мамлекеттик чек арада бардык тийиштүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Мамлекеттик органдар туруктуу негизде дүйнөдөгү кырдаалга мониторинг жүргүзүп, байкоо салууда. Массалык иш-чараларды өткөрбөй туруу сунушу вирустук инфекциялардын алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында кабыл алынган. Ошол эле учурда жыйында ата мекендик компаниялар тарабынан медициналык бет каптар чыгарылып, дарыканаларда сатылаары айтылды.



Новости по дате