http://ktrk.kg/УКМК: жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат

УКМК: жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат

20 Март , 10:28 383

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалган маалыматтарды тараткандарга карата катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка караганда, УКМК коронавируска байланыштуу жалган маалыматтарды тараткан адамдарды аныктоодо жана мыйзамсыз аракеттер кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. Ошондой эле, аталган мекеме коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүп жатканын кошумчалады. Түшүндүрүү иштери укук коргоо жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте өткөрүлүп жатат. Буга чейин ИИМ жалган кабар тараткан бир катар адамдарды суракка алган.


Новости по дате