http://ktrk.kg/Коронавирус: соңку абал

Коронавирус: соңку абал

26 Март , 22:36 119

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ушул саттарга карата өлкөдө короновирус илдетин жугузуп алган жаңы учур катталган жок. Бирок коронавирус жуккан 44 жарандын алтоо оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү. Стационардык дарылоодон өтүп жаткандардын абалы канааттандыраарлык-деди дарыгерлер. 

Жарандарда кайсы бир оорунун белгилери пайда болсо өз алдынча дарылануу сунушталбайт. Эң жакшы жана туура кадам - үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылуу. Нөөмөттө турган дарыгерлер тийиштүү жардам көрсөтүшөт. 

Айнура Акматова билдиргендей дарыгерлердин арасында коронавирус жуктургандар жок. Ушул тапта илдетти жугузуп алгандар менен иш алып барып жаткан бардык дарыгерлер медициналык коргоочу кийимдер, антисептикалык каражаттар менен толук камсыз болгон. Ошол эле учурда коомчулукту да бет кап менен камсыздоо аракети көрүлүүдө. 

Дарыгерлер иммунитет организмди бөтөн бактериялардан, вирустардан жана башкалардан коргой турган табигый реакция болгондуктан, туура тамактанууну эскертишүүдө. Анда ысык тамак жана жашылча-жемиштер, витаминдүү азыктар көп болушу керек.

Ошондой эле дарыгерлер коронавирус илдетине кабылганын же жоктугун аныктоочу тестти жеке менчик клиникалардан акча төлөп текшерилүүнүн кажети жок экендигин белгилешүүдө. Эгер жаран оорулуу адам менен байланышта болгон болсо ыкчам байланыш линиясына чалып же болбосо өзү караган үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылса болот. Маалым болгондой учурда чет жактан кайтып келгендер жана COVID-19 вирусун жуктургандар менен байланышта болгондор гана тест аркылуу текшерилип жатат.




Новости по дате