http://ktrk.kg/КТРКнын жамааты атайын эсепке 245 миң сом которду

КТРКнын жамааты атайын эсепке 245 миң сом которду

27 Март , 14:02 1183

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ушул учурда республикадагы мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын эмгек жамааттары коронавирус илдетинин жайылышына жол бербөө максатында финансылык колдоо көрсөтүүдө. Өлкөнүн башкы каналы болгон Коомдук телерадиоберүү корпорациясы эмгек жамааты да коронавирустун республика аймагында таралуусуна каршы күрөшкө колдон келишинче салым кошуу максатында, бир күндүк эмгек маянасын которду. 

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ачылган атайын эсепке КТРК тарабынан 245 миң 500 сом эсепке келип түштү.

Новости по дате