http://ktrk.kg/Дүйнө жүзү боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 1 млн. 347 миңден ашты

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 1 млн. 347 миңден ашты

7 Апр , 14:56 464

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирус дүйнөдөгү 1 млн 347 миң 803 адамда аныкталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, 277 миң 402 киши сакайса, 74 миң 807 адам көз жумду. 

Вирусту жуктургандардын баш сабында АКШ турат. 7-апрелге карата Кошмо Штаттарында илдет 368 миң 196 адамда аныкталды. 19 миң 828 адам айыкты жана 10 миң 986 киши көз жумду. Муну менен АКШ коронавирустан көз жумгандар боюнча 3-катарга чыкты. 

Испанияда 136 миң 675 кишиде оору аныкталып, 40 миңден ашык жаран сакайды, ал эми 14 миңге жакын киши илдеттен дүйнө салды. 

Италияда 132 547, Германияда 103 375, Францияда 98 984, Кытайда 82 697, Иранда 60 500 адамда вирус аныкталды. 

Бүгүнкү күндө жалпысынан 184 өлкөдө коронавирус катталды.

Новости по дате