http://ktrk.kg/Жалал-Абад облусунун аймагында ӨКМ тарабынан дезинфекция иштери уланууда

Жалал-Абад облусунун аймагында ӨКМ тарабынан дезинфекция иштери уланууда

24 Апр , 14:26 309

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан өткөн сутка ичиндеги дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат.

2020-жылдын 23-апрель күнү Жалал-Абад  облусу  боюнча 196 310 погондук метр унаа жолдор, имараттын сырты 12 337 чарчы метр, имараттын ичи 5 876 чарчы метр залалсыздандырылган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери автоунаа жүрүүчү жолдордо,  жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда жана дарыканалардын аймактарында жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чара ӨКМ тарабынан республиканын бардык  аймактарында күн сайын аткарылууда.

Новости по дате