http://ktrk.kg/Жалал-Абад шаарында эл көп жүргөн аймактар дезинфекциядан өткөрүлүүдө

Жалал-Абад шаарында эл көп жүргөн аймактар дезинфекциядан өткөрүлүүдө

2 Май , 9:32 334

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүн алдын алууда дезинфекциялоонун ролу чоң. Бүгүнкү күндө залалсыздандыруу жумуштары жер-жерлерде тынымсыз уланууда. Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу үйлөр, көчөлөр, соода түйүндөр, базарлар жана башка эл көп жүргөн аймактар дезинфекциядан өткөрүлүүдө. 


Өрт өчүрүү кызматынын техникалары менен бул күнү Жалал-Абад шаарынын Пушкин жана Бекмамат Осмонов көчөсү дезинфекциядан өткөрүлдү.
Залалсыздандыруу иштери СМУ кичи районунун аймагында уланды. Көп кабатуу үйлөрдүн кире бериши, балдар ойноочу аянттарга хлор аралашмасы себилди.

Дезинфекция жумуштарын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жасап жатат. Илдет башталгандан бери, ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы 31 миллион чарчы метрден ашуун аянтты дезинфекциядан өткөргөн. Иш алып барууга өрт өчүрүү кызматынын техникалары менен өздүк курам тартылууда. Жер-жердеги жергиликтүү бийлик органдары кошумча техника жагынан көмөктөшүүдө.

Ал эми Жалал-Абад облустук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө борбору 6 миң объектини дезинфекциядан өткөрдү. Алар негизинен соода түйүндөр, базарлар, коомдук тарнспорттор жана башка мамлекеттик мекемелер. Бул объектилерди залалсыздандыруу үчүн 6 миң тонна каражат жумшалган.


Новости по дате