http://ktrk.kg/“Семетей” обсервациясында башаламандык уюштурган жарандарга чара көрүлөт

“Семетей” обсервациясында башаламандык уюштурган жарандарга чара көрүлөт

19 Май , 15:32 144

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Кечээ аэропорттун аймагындагы “Семетей” обсервациясынан Соль-Илецктен келген жарандар алар чыр-чатак салганы үчүн эмес, бул коронавируска кайталанып алынган терс анализдердин жыйынтыгы боюнча пландалып, үй карантинине жиберилди. Өз кезегинде, ИИМ “Семетей” обсервациясында башаламандык уюштурган жарандарга карата чара көрөт. Эч кандай ультиматум же талаптарды коюу менен маселе чечилбейт. Республикалык штаб бекитилген алгоритм боюнча иш алып барат. Анткени бул чаралар биринчи кезекте жеке өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздар, экинчи кезекте – үй бүлөңүздөрдүн жана жакын туугандарыңыздардын коопсуздугу, үчүнчүдөн – жалпы элдин коопсуздугу!”, - деп чакырды КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Новости по дате