http://ktrk.kg/Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 27 учур катталды (20.05.20)

Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 27 учур катталды (20.05.20)

20 Май , 10:44 705

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 20-майга карата коронавирус жуккан жаңы 27 учур катталды. Алардын көпчүлүгү Нарын облусунан - 19 жаран, анын 9у медицина кызматкери. Бишкекте - 4, Ош облусунда 2 учур, ал эми Чүй менен Ысык-Көл облустарында 1ден учур чыкты. Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны өлкө боюнча 1270 адамга жетти. Акыркы сутка аралыгында 12 бейтап инфекциядан айыгып, ооруканадан чыкты. Алардан кайталап алынган анализдер терс болуп чыккан. Ал эми лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгондордун саны – 6 миң 280 адам. Республика боюнча обсервацияда жаткандардын саны 2 миң 175ке жетти. Коронавирус жуктурган 346 адам бейтапканаларда дарыланууда. 12 адамдын абалы оор, анын ичинен беш киши реанимацияда жатат.

Новости по дате