http://ktrk.kg/Онкологиянын балдар бөлүмүндө коронавирус чыкты

Онкологиянын балдар бөлүмүндө коронавирус чыкты

21 Май , 13:17 38

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө коронавирус жуктурган 14 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Илдет бул ооруканада дарыланып жаткан сегиз баладан, үч энеден, бир дарыгерден жана эки медайымдан табылды. Балдар жана энелер ошол эле жерде дарылануусун улантат, ал эми медицина кызматкерлери Республикалык инфекциялык ооруканага которулат. 

Балдар бөлүмү коронавируска байланыштуу карантинге жабылганы 20-майда белгилүү болгон. Борбордун директору Эрнис Тилеков небересин карап жаткан бир чоң эне ооруканадан 4-майда чыгып кеткенин, 16-майда андан коронавирус инфекциясы табылганын, буга байланыштуу бөлүмдөгү 120 адамдан анализ алынганын айткан. Таза чыккандар обсервацияга алынарын, ал эми вирус табылган бейтаптар дарылануусун ошол эле жерде улантарын билдирген. Балдар бөлүмү онкологиялык илдетке чалдыккан 40 баланы дарылоого ылайыкташкан.




Новости по дате