http://ktrk.kg/Инфекциялык көзөмөл системасын күчөтүү

Инфекциялык көзөмөл системасын күчөтүү

21 Май , 13:35 69

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Медициналык мекемелерде, айрыкча төрөт үйлөрүндө жана балдар бөлүмдөрүндө COVID-19 инфекциясын жуктурууга жол бербөө үчүн көзөмөл күчөтүлөт. Буга байланыштуу тапшырма Саламаттык сактоо министрлигине Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов

бул маселеге бөтөнчө көңүл буруу зарылдыгын айтты. Жыйында Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов аймактагы эпидемиологиялык абал жана көрүлүп жаткан санитардык-эпидемиологиялык чаралар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, үймө-үй кыдыруу, коомдук жайларда, административдик имараттарда дезинфекциялоо жүргүзүлүп, мобилдик бригадалардын иши күчөтүлдү. Биринчи вице-премьер-министр Нарын шаарындагы абалга кооптонуусун билдирди. 

«Түзүлгөн абал жугуштуу инфекциянын жайылышынын алдын алуу максатында шаар боюнча транспорттун жана калктын кыймылын чектөөнү талап кылат. Олуттуу чараларды кабыл алуу зарыл. Мындан тышкары, оорунун очогу саналган аймактарды, анын ичинде дарыканаларды, дүкөндөрдү жана башка коомдук жайларды сапаттуу дезинфекциялоого көңүл буруу керек. Ошондой эле оору менен байланышта болгон бардык жактар камтылышы зарыл», - деди Боронов. 

Ыкчам штабдын мүчөлөрү бүгүнкү күндө коронавирус боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан лабораториялардын мүмкүнчүлүгүн күчтөндүрүү маселесин талкуулады. Көчмө лабраторияларды сатып алуу жана тийиштүү адистерди окутуу ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Чет өлкөдөн келген жарандарды обсервациялык пункттардан аймактардагы жашаган жерине жеткирүү боюнча уюштурулаган алгоритмди сактоо маселесине өзгөчө басым жасалды.





Новости по дате