http://ktrk.kg/Бишкектин борбордук көчөлөрү күн сайын 2 жолудан дезинфекцияланууда

Бишкектин борбордук көчөлөрү күн сайын 2 жолудан дезинфекцияланууда

21 Май , 14:58 270

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин борбордук көчөлөрү күн сайын 2 жолудан дезинфекцияланууда. Бул иштерге ушул күнгө чейин 19 тоннадан ашык хлор керектелген. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди. Ал эми жыл башынан тарта ордо калаада санитардык-экологиялык эрежелерди бузган жарандарга жана ишканаларга жалпы жонунан 3,5 млн сом айып пул салынган. 

Алардын ичинде 363 ишкана коюлган талаптарга жооп бербей, санитардык-экологиялык эрежелерди бузгандыгы аныкталган. Шаар бийлиги жарандардан таштандыларды көчөгө таштабай тазалыкты сактоону, ал эми ишканалардын айланасын таза кармап, бак-дарактарды сугарып турууну эскертүүдө.





Новости по дате