http://ktrk.kg/Спорт зал жана фитнес борборлоруна бир катар талаптар коюлду

Спорт зал жана фитнес борборлоруна бир катар талаптар коюлду

25 Май , 12:19 209

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте бүгүн ачылган спорт залдары жана фитнес борборлоруна бир катар талаптар коюлду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, администрация имаратты улам тазалап, желдетип турушу керек.

Кызматкерлер бет кап тагынып, дене табын улам текшерип турууга милдеттендирилет. Талаптардын аткарылышын санитардык кайгуул бригадалары көзөмөлдөйт. Ал эми жер төлөдө жайгашкан спорт клубдары азырынча ачылбайт.



Новости по дате