http://ktrk.kg/Вьетнамда футбол оюндарын адаттагыдай өткөрүлөт

Вьетнамда футбол оюндарын адаттагыдай өткөрүлөт

27 Май , 10:37 1391

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Вьетнамдын өкмөтү коронавирус пандемиясынан кийин дүйнөдө биринчи болуп футбол оюндарын адаттагыдай өткөрүүгө уруксат берди. Бул футбол күйөрмандарына уруксат берген биринчи өлкө болуп, улуттук чемпионат жана кубок оюндары улантылууда. 

Көрүүчүлөр адаттагыдай стадионго келип, командаларын колдой алышты, ага эч кандай тоскоолдук болгон жок. Эске салсак, 100 миллионго жакын калкы бар Вьетнамда жалпысынан 325 кишиге коронавирус диагнозу коюлган, алардын ичинен 267 адам айыгып кеткен. Каза болгондор жок. Буга чейин оюндар дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө карантинден кийин улантылса дагы, оюндар көрүүчүлөрдүн катышуусуз өтөрү кабарланган.

Новости по дате