http://ktrk.kg/Мурас-Ордо конушунда маршруттук айдоочулар жол кирени 20 сомго көтөрүштү

Мурас-Ордо конушунда маршруттук айдоочулар жол кирени 20 сомго көтөрүштү

27 Май , 14:16 368

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда маршруттун айдоочулары өз билемдикке салып, жол кирени 15 сомдон 20 сомго көтөрүп жатышат,- деген автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн.

 Өкмөт көтөргөн жок жол кирени, өзүлөрү көтөрүп алышкан. Ансыз деле кыйналып жаткан элди кыйнашып. 20 сомдон бербесенер жүрбөйбүз деп жатышат. Посттон өткөндөн кийин элди жык-жыйма кылып салып алышат. Бишкек шаарынын мэри көзөмөлгө алышын суранабыз, - деп ачууланган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.




Новости по дате