http://ktrk.kg/28-майга карата өлкө боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 74 учуру катталды

28-майга карата өлкө боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 74 учуру катталды

28 Май , 13:45 859

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бир сутка ичинде 2 миң 338 изилдөө жүргүзүлүп, дагы 74 адамдан COVID-19 табылды. Аймактар боюнча алсак, бул сапар Ош шаарында инфекцияга кабылгандар көп - 35 адам, Нарын облусунда 13, Бишкек шаарында 11, Ош облусунда 4, Чүй облусунда 1, Россиядан келген курсанттардын арасынан 10 учур катталды. Ошентип, коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны өлкө боюнча 1 миң 594 адамга жетти. 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин билдирүүсүндө, өлкөдөгү жалпы жуктургандардын 30 пайызын сырттан келген мекендештер түзөт. Вирустун сырттан кирген учурларын убагында аныктап, дарылоо үчүн атайын система иштелип чыгып, аткарылууда. Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү бардык жарандарды дене тарбия менен машыгып, ден соолуктарын чыңдоого чакырды. Анын айтуусунда, дүйнө өлкөлөрү коронавирустун экинчи толкуну болушу мүмкүндүгүн айтып тынчсызданууда.

Новости по дате