http://ktrk.kg/Өзбекстанда үч айлык баласын батирге алмаштыргысы келген аял кармалды

Өзбекстанда үч айлык баласын батирге алмаштыргысы келген аял кармалды

29 Май , 9:35 846

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзбекстандын Навои облусунда үч айлык баласын үч бөлмөлүү батирге алмаштырууну көздөгөн аял кармалды. Бул тууралуу облустун милициясы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, аял жана анын атасы 23-майда укук коргоо кызматкерлеринин атайын операциясынын жүрүшүндө колго түшкөн.

"1987-жылы туулган аял 2020-жылы туулган уулун болжол менен 250 млн сум (25 миң доллар) турган үч бөлмөлүү батирге алмаштыруу учурунда кармалган. Ал кылмыш аракетин атасы менен бирге жүзөгө ашырмак болгон", деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин, 25-майда Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Каракалпакстандын Төрткүл районунда 13 жаштагы баласын 15 миң долларга сатмак болгон аял кармалганын кабарлаган. Андан бир нече күн мурун Хорезмде эки жаштагы баласын 7 700 долларга сатууну көздөгөн аял колго түшкөн.

Новости по дате