http://ktrk.kg/Бишкекке электр энергиясы менен жүрүүчү автобустар алынат

Бишкекке электр энергиясы менен жүрүүчү автобустар алынат

29 Май , 10:27 274

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекке электр энергиясы менен жүрүүчү автобустар алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөргөн учурда айтылды. 

Анда Бишкек шаарына электр энергия менен жүргөн автобустарды алып келүү долбоорунун даярдыктары боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Электр энергиясы менен жүрүүчү 350 автобус долбоорун тез аранын ичинде ишке ашыруу керектиги айтылды. Вице-мэр учурдагы шаар көчөлөрүндөгү абалды түшүндүрүп, экологияга зыян келтирбеген коомдук унаалардын жүрүшү маанилүү экенин белгиледи. Ал жалпы суммасы 50 миллион долларды түзгөн долбоор Финансы министрлиги тарабынан алдын ала жактырылганын билдирди. Буга чейин шаар мэри Азиз Суракматов электр энергиясы менен жүрүүчү автобустарды алуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолукканы жана анда гранттык жана насыялык каражаттардын эсебинен көп орундуу 350 автобус алуу боюнча макулдашуулар жүргүзүлгөнү маалымдалган.

Новости по дате