http://ktrk.kg/5-июндан тартып бала бакчалар иштей баштайт, 8-июндан тартып ички аба каттамдары жанданат - Кыргызстан жаңылыктары

5-июндан тартып бала бакчалар иштей баштайт, 8-июндан тартып ички аба каттамдары жанданат - Кыргызстан жаңылыктары

31 Май , 18:53 631

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 5-июндан тартып бала бакчалар иштей баштайт. 8-июндан тартып ички аба каттамдары жанданат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Бороновдун айтымында, бала бакчалардын ишин жандандыруу аргасыз кадам болуп жатат. Биринчи вице-премьер-министр бала бакчалардагы санитардык талаптар менен жоболордун сакталышына катуу көзөмөл кылынарын белгиледи. Анын айтуусунда бала бакчалардын иштөөсүнө алардын менчигинин түрүнө карабай, атайын түзүлгөн комиссиянын чечими боюнча гана уруксат берилет.

"Буга биз балдардын арасында коронавирус илдети жайылып кетүүсүнү алдын алуу үчүн барып жатабыз. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген гана бала бакчалар ишке кирет", деди Боронов.

Ал эми ички аба каттамдары 8-июндан тартып ишке кирет. Бороновдун сөзүнө караганда буга экономикалык зарылчылык себеп болууда.

«Аба каттамына уруксат бергенибиздин себеби - адамдардын ал жакта чогуу болчу убактысы азыраак. Ашып барса бир саат учат, ошондуктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо менен ички каттамдар жүргүзүлө баштайт», - деди Кубатбек Боронов.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Ага ылайык, 23-марттан тартып бала бакчалар ишин токтоткон. Ички жана тышкы аба каттамдары да убактылуу токтотулган болчу.

Новости по дате