http://ktrk.kg/Сактансаң, сактайт. Эл топтолгон жайлардан оолак болуңуздар

Сактансаң, сактайт. Эл топтолгон жайлардан оолак болуңуздар

4 Июнь , 9:23 111

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Пандемия башталгандан бери Ош облусунун аймагына сырттан 9 жарандын сөөгү алып келинген. Алар коронавирустан каза болгондор. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин маалыматына караганда, илдеттин жайылуусунун географиялык аянты улам кеңейүүдө. Соңку күндөрдө вирус аныкталган учурлар сырттан келгендер менен “жүк 200” коштоп келгендердин арасынан катталган. Ушул себептүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жарандарды саламаттыкты сактоо министрлигинин жана республикалык штабдын талаптарын сактоого, эл топтолгон жайлардан оолак болууга чакырат. 
Бүгүнкү күнгө, дубанда ковид-19 220 кишиден табылган. Мунун 187си ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылса, 27 жаран дарыгерлердин көзөмөлүндө турат, 6 жаран каза болду. Учурда, вирустун жайылышына жол бербөө максатында, коңшу мамлекеттер менен чектешкен чек ара бекеттеринде санитардык-карантиндик көзөмөл күчүндө. Кесип өткөн жүк ташуучулардын айдоочуларынан жеринде анализдер алынууда.


Новости по дате