http://ktrk.kg/Өлкөдө коронавирус жуктурган 37 жаңы учур катталды - Кыргызстан жаңылыктары

Өлкөдө коронавирус жуктурган 37 жаңы учур катталды - Кыргызстан жаңылыктары

5 Июнь , 11:26 615

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирус жуктургандардын арасынан дагы эки бейтап каза болду. Алардын бири Бишкек, экинчиси Ош шаарындагы ооруканалардын жандандыруу бөлүмдөрүндө дарыланып жаткан. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди. 

Ал Кыргызстанда дагы 37 адамдан COVID-19 табылгандыгын айтты. Ошондо бир сутка ичинде Бишкек шаарынан - 14, Ош шаарынан - 1, Ош облусунан - 5 учур, Нарын жергесинен - 6, Чүй дубанынан - 7, Баткен облусунан - 1 жана Ысык-Көл облусунан - 3 учур катталды. 

Башкы санитардык дарыгердин айтуусуна караганда, сутка ичинде катталган 37 учурдун ичинен 17си сырттан келгендерден табылган. Ал эми 12 учур байланышта болгон адамдардын арасынан табылды. Калган 8 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек.

Новости по дате