http://ktrk.kg/Бишкекте бала бакчалардын кызматкерлери массалык түрдө текшерилет

Бишкекте бала бакчалардын кызматкерлери массалык түрдө текшерилет

5 Июнь , 12:03 770

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте бала бакчалардын кызматкерлери массалык түрдө COVID-19 вирусуна текшерилет. Мындай текшерүүлөр бала бакчалардын баарында, менчигинин түрүнө карабай жүргүзүлөт. Мындан тышкары ар бир бала бакчанын жетекчилиги кызматкерлердин тизмесин акимчиликке жиберүүгө тийиш. Ага ылайык, мобилдик топтор график боюнча кызматкерлердин жумуш орундарынан анализ алышат. 

Ата-энелер үйдөн балдарга өздүк гигиенаны, социалдык аралыкты сактоону үйрөтүп, балдарды бет кап менен камсыздоого жана аны туура тагынууну үйрөтүүгө тийиш. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда Бишкек шаардык эпидемияга жана эпизоотикага каршы комиссиясы төмөнкү долбоорлорду даярдады:

-Бала бакчалардын убактылуу ишмердүүлүгүнүн регламенти;

-Балдардын ата-энелери толтуруучу анкета;

-Бакчага барганда баласынын ден соолугун камсыз кылуу боюнча ата-эненин милдеттенмеси;

Булар мамлекеттик органдар менен макулдашылат жана Бишкек шаарындагы бардык бала бакчалар тарабынан аткарылууга тийиш.

Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар.

Мэриянын жүргүзгөн мониторингине ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6 миңге жакын бала барат жана 1 миң 600 кызматкер иштейт.

Новости по дате