http://ktrk.kg/Таза сууга зар болгон Жумгал районунун Лама айыл тургундары - Кыргызстан жаңылыктары

Таза сууга зар болгон Жумгал районунун Лама айыл тургундары - Кыргызстан жаңылыктары

16 Июнь , 16:57 2121

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Лама айылында таза суу көйгөйү чечилбей келет. Жалпысынан 150 түтүндөй эл жашаган айылда ичүүчү суу санитардык-гигиеналык талаптарга эч жооп бербейт. Эл ичкен суунун башындагы көрүнүштөн маалым болгондой, мал жандыктар кечип, суу топтолгон чуңкур сазга айланып бараткан. 

Ламалыктар өз аракеттери менен суу түтүгүн коюуга аракет кылышканы менен андан эч майнап чыккан эмес. Айыл тургундары айыл өкмөттөн тартып, өкмөт өкүлдөрүнө чейин ичүүчү таза суу чыгарып, көйгөйдү чечип берүүлөрүн суранат.  


Новости по дате