http://ktrk.kg/Барымтага алынып, бычак сайылган аял ооруканада каза болду - Кыргызстан жаңылыктары

Барымтага алынып, бычак сайылган аял ооруканада каза болду - Кыргызстан жаңылыктары

19 Июнь , 14:40 929

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында жигити тарабынан барымтага алынып, бычак сайылган аял ооруканада каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жабыркаган аял оор абалда ооруканага түшкөн. Ал кечээ кечки саат тогуздар чамасында оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, 17-июнда белгисиз адам кызганычтан улам чогуу жашаган аялды барымтага алып, бычак менен аны жарадар кылган. Кармалган 36 жаштагы адам Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалган.

Новости по дате