http://ktrk.kg/Өкүм күчүндө калды - Кыргызстан жаңылыктары

Өкүм күчүндө калды - Кыргызстан жаңылыктары

25 Июнь , 21:58 461

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаардык сотунун коллегиясы тарабынан Ибраимовдон башка айыпталуучулардын үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт чаралары жокко чыгарылды. Калган жазаларын өзгөртүүсүз калтырды.

Сотко жеткен бул иш дагы коомчулуктун көңүлүн бурган. Мында эки калаа башчы баштаган ондон ашык адам Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууда коррупцияга барган деп айыпталган. Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөөдөн өткөргөн Ти Би Эй компаниясы грант түрүндө эки мектеп курууга деп 2 млн доллар бөлүп, ал каражатка Москва району менен Өзгөн районуна эки мектеп курулмай болот. Натыйжада, эмнегедир эки мектептин ордуна Бишкектеги конушка билим уя салынган.

 Тергөөдө курулушту Кулматовдун таанышы ээлик кылган ишкана аткарганы аныкталган. Аңгыча Кулматовдун ордуна Албек Ибраимов мэр болуп келип, башка фирма жалданып, жардам катары келген акча жетпей калган. Мектепке делип бюджеттен кошумча 104 миллион сом бөлүнүп, жыйынтыгында бул мектептин баасы 3 жарым миллион долларды чапчыган.

Ал эми Албек Ибраимовго эки берене боюнча айып тагылган. Тергөөнүн маалыматына караганда Ибраимов мэр болуп турган 2016-жылы жалпы аянты 18,3 га жерди түзгөн 41 жер тилкесин мыйзамсыз жана мамлекетке пайда алып келбеген шартта ижарага берүүгө тиешеси бар.

Андан тышкары “Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 млн. сомдук зыян келтирген, “Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө сый акы алган” деген айыптар коюлуп, райондук сот аны 15 жылга кескен.

 Кыргызстанда биринин артынан экинчиси болуп, ири жемкорлук фактылары аныкталып, сот өз баасын берүүдө. Окуяларга байкоо салган коомдук ишмерлер мындай көрүнүштөр коррупция кыргыз элине терең тамырлап кеткенинен кабар берет деген пикирде.

Калыс-Ордо конушундагы 660 орундуу мектептин ачылганына 3 жылга жакындап калды. Бирок өлкөдөгү билим уялардан айырмаланып, типтүү имараттардын катарына кирбейт.


Новости по дате