http://ktrk.kg/Пандемия шартында шайлоого даярдык

Пандемия шартында шайлоого даярдык

26 Июнь , 20:31 424

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө шайлоолорду өткөрүүгө эч кандай тоскоолдук жок. Мыйзамга ылайык шайлоолор өзгөчө абал жарыяланган учурда өткөрүлбөйт. Ушул тапта республикада өзгөчө кырдаал тартиби өкүм сүрүүдө - деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы өкмөт менен чогуу шайлоочулардын ден соолугуна зыян келбегидей алгоритм иштеп чыгууга даяр. Коронавирус пандемиясынын учурунда жарандардын шайлоо укугуна байланыштуу мына ушул маселелер Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу кеңешмесинде Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков жана COVID-19 боюнча Республикалык штабдын мүчөлөрүнүн катышуусунда талкууга алынды. 

30-апрелге белгиленип, жугуштуу илдетке байланыштуу убактылуу токтотулган 25 айылдык кеңеш менен беш шаардык кеңештин депуттарын шайлоо, айыл өкмөттөр менен мэрлерди шайлоо жана Парламенттик шайлоолорду өткөрүү боюнча үч негизги маселе бул жолку БШКнын жумушчу кеңешмесинде талкууга алынды. Жыйында COVID-19 боюнча Республикалык штабдын өкүлдөрү өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат беришти. 

БШКнын төрайымынын айтымында өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча Республикалык штабдын маалыматын туруктуу алып туруу маанилүү экенин билдирди. Айтымында жугуштуу илдет боюнча кырдаал шайлоолорду өткөрүү, шайлоо күнүн белгилөө жана башка маселелерди уюштурууда маанилүү. Ошол эле учурда Нуржан Шайлдабекова өлкөдө шайлоолорду өткөрүүгө эч кандай тоскоолдук жок экенин айтты. 

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков дүйнө жүзүн каптаган пандемияга байланыштуу башка мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстан да жарандардын коопсуздугун камсыздоо багытында бардык керектүү чараларды кабыл алып жатканын эскертти. Соңку учурда эпидемиологиялык абал начарлап кеткенин белгилеген Баатырбеков, айыл өкмөттөрүнө шайлоолор белгиленсе, бардык санитардык ченемдерди сактоо менен өткөрүү зарылдыгын билдирди. 

Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы өкмөт менен биргеликте шайлоочулардын ден соолугуна зыян келбегидей алгоритм иштеп чыгууга даяр. Ошол эле учурда Нуржан Шайлдабекова шайлоо комиссиялары шайлоочуларга мыйзамга ылайык бардык коопсуздукту камсыздап берүүгө даяр. 

Муну менен катар Биринчи вице-премьер-министр Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча чечимди президент кабыл ала турганын кошумчалады. Айтымында эгер парламенттик шайлоолор жарыяланса Республикалык штаб БШК менен биргеликте шайлоолорду өткөрүүгө бардык зарыл болгон шартты түзүп берет. Жумушчу кеңешмеде пандемия маалында бир катар мамлекеттер эреже, талаптарды сактоо менен шайлоолорду өткөргөнү да маалымдалды. 

Муну менен катар Биринчи вице-премьер-министр Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча чечимди президент кабыл ала турганын кошумчалады. Айтымында эгер парламенттик шайлоолор жарыяланса Республикалык штаб БШК менен биргеликте шайлоолорду өткөрүүгө бардык зарыл болгон шартты түзүп берет. Жумушчу кеңешмеде пандемия маалында бир катар мамлекеттер эреже, талаптарды сактоо менен шайлоолорду өткөргөнү да маалымдалды. 

Муну менен катар Биринчи вице-премьер-министр Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча чечимди президент кабыл ала турганын кошумчалады. Айтымында эгер парламенттик шайлоолор жарыяланса Республикалык штаб

Новости по дате