http://ktrk.kg/27 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

27 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

28 Июнь , 14:09 368

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

POST#RIGHTБүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда дагы 27 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында − 7, Чүй облусунда − 7, Ош шаарында − 6, Ош облусунда − 3, Баткен облусунда −1 жана Ысык-Көл облусунда 3 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. “Стационарлардан бүгүнкү күнгө карата 6 медкызматкер оорудан айыгып, үйүнө чыгарылды. Жалпысынан өлкө боюнча 739 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 420сы коронавирустан айыгып чыккан”, - деп айтылат маалыматта.

 

Новости по дате