http://ktrk.kg/Алайда 22 см кар жаады

Алайда 22 см кар жаады

29 Июнь , 9:12 1035

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2020-жылдын 27-июнунан 28-июнга караган түнү Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылында саат 00:20 чамасында жамгырдын жаашы башталып, саат 03:40 чамасында жаан карга айланган. 28-июнь күнү 12:35 ке чейин уланып, кардын бийиктиги 22 смге жеткен. Ошого байланыштуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров тийиштүү жетекчилердин катышуусунда аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам түзүлгөн жагдайга байланыштуу, тийиштүү чараларды көрүү максатында жыйын өткөрдү.

Жыйында Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылындагы түзүлгөн кырдаал боюнча тиешелүү жетекчилердин маалыматтарын укту. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча өз учурунда, ыкчам чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле адам өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо үчүн КР ӨКМдин башкармалыктарынын башчыларына жергиликтүү бийлик органдары жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен тез арада алдын ала чараларды көрүү боюнча тапшырма берди.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 24-июнь күнү КР ӨКМдин алдындагы Гидрометеоролигия боюнча агенттиги тарабынан аба-ырайынын өзгөрүүсү боюнча төмөндөгүдөй шашылыш билдирүү таратылган.

Шашылыш билдирүү:

катуу жаан-чачын, катуу шамал, мөндүр жаашы жана сел жүрүшү күтүлөт

28-июнда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 28-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 19…24°, тоо этектеринде түнкүсүн 4…9°, күндүз 14…19°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 19…24°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 23…28°, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 19…24°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 6…11°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 3…8°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0 …-5° суук, күндүз 1…6° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2020-жылдын 28-июнда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Новости по дате