http://ktrk.kg/Коронавирус инфекциясы бүгүн дагы үч адамдын өмүрүн алды

Коронавирус инфекциясы бүгүн дагы үч адамдын өмүрүн алды

29 Июнь , 22:23 529

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүнкү статистикага таянсак оору жугузгандардын жалпы саны беш миңден ашты. Бүгүн катталган жаңы учурлардын кырк төртү медицина кызматкери экени маалым болду. Ушу тапта өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал өтө курч сакталууда. Бейтапканаларда вирусту жугузган 716 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 88 бейтаптын абалы оор. 26 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 275 адамдын абалы орточо оор.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курч сакталып жатканына бүгүн экинчи апта кетип жатат. Күнүнө аныкталган жаңы учурлар эки жүздөн арбын болууда. Ага удаа эле өлкө ичинде азыр тумоологондор да көп катталып, 118 ыкчам байланыш номуруна кайрылгандар өтө көп экени айтылып жатат. Мындан улам саламаттыкты сактоо министрлиги илдет менен күрөшүүнүн жаңы алгоритмин иштеп чыкты.

Ушу тапта күнүнө аныкталган жаңы учурлар менен айыгып чыккандардын ортосундагы айырма бир нече эсеге көп болуп кетти. Маселен бүгүн 52 бейтап ооруканадан чыкса, 269 жаңы учур катталды. Анын кырк төртү медицина кызматкерлери болуп чыкты. 

Ушу тапта вирустун белгилери жок түрү жайылууда. Башкача айтканда оорунун белгилери байкалбай, бирок адам вирусту алып жүрүүчү катары башкаларга жуктурууда. Маселен, оорунун белгилери жок 1957 бейтап үй көзөмөлүндө болууда. Андыктан карантин эрежелерин сактоо ушул учурда өтө маанилүү болуп турат. 

Күнүнө катталып жаткан илдетти жугузган жаңы учурлардын кырк пайызы кайдан жугузуп алганын билбегендер болууда. Дарыгерлер бул өтө кооптуу экенин айтышат. Вирус менен күрөшүүдө жугузган адамды дарылоодон мурда ага жугузган булакты аныктап, дарттын жайылып кетүү жолун тосуу маанилүү. Андыктан ак халатчандар эл көп топтолгон жерлерге барбай, обочодо болууну эскертишет. 



Новости по дате