http://ktrk.kg/Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Ооруканаларда орундар жетиштүү

Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Ооруканаларда орундар жетиштүү

29 Июнь , 22:10 265

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ооруканаларда орундар жетиштүү. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов Республикалык штабдын отурумунда билдирди. Учурда жалпы республика боюнча 900дөн ашуун орун бош турат. Алардын көпчүлүгү эпидемиологиялык абал катаал бойдон сакталган Бишкек жана Ош шаарларынын медициналык мекемелеринде уюштурулган. Бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев ордо калаадагы медициналык жайларды кыдырып, бош орундарды эсептеп чыкты.

Манас эл аралык аба майданына жакын жайгашкан Чүй облустук бейтапканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү. Мында кооптуу илдетти жуктуруп алгандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Бардык шарттар түзүлгөн имараттарга борбор калаадагы жана Чүй облусундагы КОВИД-19 илдетине кабылгандар жаткырыла баштады. Бул жайда орундар жетиштүү.

Мындан сырткары өкмөт медициналык мекемелерде дарыланып жаткан бейтаптарга байланыштуу алгоритмди өзгөрттү.

Жаңы алгоритмдин ишке кириши бейтапканалардагы бош орундардын көбөйүшүнө шарт түздү. Ал эми үй бүлөлүк медицина борборлорунун кызматкерлери абалы оор бейтаптарды гана ооруканаларга жөнөтүп жатканы эң туура чечим болду дешет адистер.

Натыйжада Улуттук госпиталдын Урология борборунун базасында дагы кошумча орундар түзүлдү.

Мындан сырткары №1 шаардык бейтапканасынын жетекчилиги дагы инфекцияга кабылган оорулууларды кабыл алуу үчүн имараттарын даярдашкан.

Муну менен Бишкек шаарындагы №6 ооруканасына келген күч азайды. Алсак бул жай 80 бейтапка ылайыкташтырылган, дагы 10 орун бошогону турат. Эгер жаңы алгоритм күчүнө кирбегенде илдеттен айыккан бейтаптар тесттин жыйынтыктарын күтүп, орунду ээлеп турушмак.

Клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасында дагы орун тартыштыгы байкалбайт. Мекеме жалпысынан 218 бейтапка ылайыкташтырылган. Эми мында дагы 10 орун бошойт.

Мындан улам саламаттык сактоо министрлиги эскертет. Ооруканаларда орун тартыш деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Эгер ар бир жаран социалдык аралыкты сактап, колду бат-баттан самындап жууп, ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылса, дарыгерлердин дагы жүгү жеңилдемек.


Новости по дате