http://ktrk.kg/Сасык тумоонун айрым белгилери коронавируска окшош

Сасык тумоонун айрым белгилери коронавируска окшош

29 Июнь , 22:27 397

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бардык ооруларды эрте дарылоо маанилүү. Адистер коронавирустун белгилерин так ажырата билүү зарыл экенин эскертишүүдө. Кооптуу илдет алгач кадимки сасык тумоодон анча айырмаланбашы мүмкүн. Өз алдынча дарылануунун кесепети оор.

Сасык тумоо өңдүү респиратордук ооруга чалдыккандар да дүрбөлөңгө түшүп, 118 ыкчам байланыш номерине жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна чалып жатышат.

Жарандардын дүрбөлөңгө түшкөнүнүн жүйөөлүү себеби бар. Себеби кадимки сасык тумоонун айрым белгилери коронавируска окшош. Эки башка илдетти ажырата билүү үчүн кээ бир айырмачылыктарды эске алуу зарыл. 

Адистер чүчкүрүп, тамак оору башталса эле коронавирустун белгиси деп кабыл алуудан алыс болууга чакырышат. Бирок кандай болгон күндө да, ооруну башкаларга жугузбай, обочолонуу зарыл. 

Коронавируска чалдыккан адамдардын көпчүлүгүндө оорунун белгилери байкалбайт. Дал ушул көрүнүш олуттуу көйгөй болуп жатат. Себеби илдетке кабылганын сезбеген бейтап кооптуу вирусту башкаларга жуктуруп жүрө берет. 




Новости по дате