http://ktrk.kg/COVID-19: дүйнө жүзүндө ооруга кабылгандардын саны 10 450 628 адамга жетти

COVID-19: дүйнө жүзүндө ооруга кабылгандардын саны 10 450 628 адамга жетти

2 Июль , 10:47 270

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнө жүзүн каптаган коронавирус илдетине кабылгандардын саны 10 миллион 450 628 адамга жетти. Тилекке каршы бул оорудан 510 миң 632 адам көз жумду. Ал эми коронавирусту жуктуруп алган 5  336  996 адам аны жеңип чыкты.



Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда инфекция 2 миллион 634 миң 432 адамга жайылды. Бразилия 1 миллион 402 миң 41 адам менен экинчи орунда турат. Орусияда 646 миң 929 адамга инфекция жугуп, тизмеде 3-орунга жайгашты. Индияда акыркы эки суткада 20миңге жакын адамдан илдет аныкталып 566 миң 840 адам бул оору менен жабыркап төртүнчү орунга чыкты. Ал эми Улуу Британияда 314 миң 160 адамдан илдет аныкталган.




Европа мамлекеттеринин ичинен эң көп жабыр тарткан өлкө - Италия. Бул мамлекетте коронавирустан 35 миңге жакын киши каза болгон.

Россияда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 менен 6556 адам катталды. Ал эми аталган илдетти 422 931и жеңип чыкты. Учурда 284 миң бейтап стационарда дарыгерлердин көзөмөлүндө калууда.



Ошондой эле, бир сутка ичинде коронавирус диагнозу коюлган 216 бейтап көз жумду. Муну менен каза болгондордун жалпы саны 9 миң 536га жетти.



Ал эми Индияда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 вирустук инфекциясы менен 18 600дөн ашык адамдан аныкталды. Мындай маалыматты өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги таратты. Ал эми бир суткада өлкөдөн 507 адам илдетти жеңе албай көз жумган.



Ал арада дүйнөдө коронавирус илдетинен улам бир катар тармактарда жумуш токтоп, анын айынын жумушсуздардын саны 14 % ды түзөөрү маалым болду. Эгерде экономика солгундаса жумушсуздардын саны 140 млн.го чейин кыскарат. Эл аралык эмгек уюмунун маалыматтары боюнча мындай кыйынчылык биринчи кезекте иш күнүн толук иштебеген кызматкерлерге таасирин тийгизет.







Новости по дате