http://ktrk.kg/Бишкектин төрт районунда убактылуу стационардык борборлор ачылат (Даректери)

Бишкектин төрт районунда убактылуу стационардык борборлор ачылат (Даректери)

4 Июль , 10:55 709

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекция жана пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн атайын 4 борбор ачылат. Мында ошондой эле капельница дагы алса болот. Белгиленгендей, борборлор саатына 700 бейтапты тейлейт. Убактылуу стационарлар борбор калаанын төрт районунда ачылат.


Убактылуу борборлорду ачуу боюнча иштер Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы боюнча жүрүүдө. Бүгүнкү күндүн соңуна чейин бардык даярдоо иштери аякташы керек.

Бишкектеги убактылуу борборлор төмөндөгү даректер боюнча ачылат:

1. Ленин району – «Газпром» Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси;

2. Биринчи май району – Спорт сарайы; 

3. Свердлов району – Р.Санатбаев атындагы Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси; 

4. Октябрь району – чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Магистраль боюнча).

Новости по дате