http://ktrk.kg/Эпидемиологиялык кырдаал курч

Эпидемиологиялык кырдаал курч

14 Июль , 22:28 260

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан азыркы тапта өпкөнү жасалма дем алдырган 220 аппаратка муктаж болуп турат. Өткөн аптада Өзбекстандан келген жасалма дем алдыруучу 100 аппарат Бишкектеги ооруканаларга таратылды. Дагы 60дан ашык жабдууну сатып алууга тендер жарыяланды-деди Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова. Ошол эле учурда Бишкек менен Чүй облусу дагы деле оорунун очогу болууда. Өткөн суткада Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен пневмониядан 45 адам, эки адам коронавирустан каза болду.


Соңку бир сутканын ичинде өпкөнүн кагынышынан 45, ал эми коронавирустан 2 бейтап каза болду. Маалыматка караганда, Жайыл аймактык ооруканасынан - 58 жаштагы эркек киши жана 67 жаштагы аял КОВИД-19 вирусунан каза болду. Ушу менен республика боюнча каза болгондордун жалпы саны 149 адамга жетти. Пневмониядан көз жумган 45 бейтаптын 23ү облустардан, ал эми 22си Бишкекте катталды. Март айынан бери пневмониядан жалпы 497 адам каза болду. 


Айнура Акматова белгилегендей, бир күндүн ичинде өлкө боюнча 94 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бишкек шаарында 26, Чүй облусунда 39, Ош шаарында 14, Жалал-Абад облусунда 9, Баткен облусунда 6 медкызматкер илдетке кабылды. 




Новости по дате