http://ktrk.kg/Соңку аптада Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал жеңилдеди - Кыргызстан жаңылыктары

Соңку аптада Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал жеңилдеди - Кыргызстан жаңылыктары

27 Июль , 18:42 352

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дарыгерлердин айтымында, соңку сутканын ичинде коронавирус жуктургандарга караганда оорудан сакайып чыккандардын саны кыйла жогору болду. Республика боюнча, вирус жуктурган жаңы 483 учур катталса, коронавирустан 817 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. Тилекке каршы бир күндүн ичинде 24 жаран көз жумду. Дарыгерлер соңку аптада Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал жеңилдеп калганын, бирок жугуштуу тумоодон коргонуу иштерин токтотпостон улантуу зарылдыгын айтышууда. Учурда өлкөнүн ооруканаларында 10 миң 801 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул инфекцияны 33 296 адам жуктурду.

Акыркы суткада коронавирустан 817 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. Анын 445 и Бишкек шаарында , Ош шаарында - 90, Чүй облусунда - 66, Ош облусунда - 37, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда -7, Жалал-Абад облусунда - 105, Талас облусунда - 7, Баткен облусунда 59 бейтап жугуштуу тумоону жеңип чыкты. Оору башталгандан бери айыккандардын саны 21 205 ге жетти. Ал арада COVID-19 вирусун жуктурган жаңы 483 учур катталды. Ооруга чалдыккандардын 154ү Бишкекте, 59 киши Ош шаарында, Чүй облусунда 21, Ош облусунда 39, Таласта 27, Нарын облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 72, Жалал-Абадда 70, Баткенде 32 адамдан КОВИД-19 аныкталды. Ушуну менен коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 33 миң 296 адамга жетти. Акыркы бир күндүн ичинде 24 бейтап кайтыш болду. Республика боюнча оорудан 1301 адам көз жумду.

Новости по дате