http://ktrk.kg/Ош облусунда илдеттин экинчи толкунуна каршы алдын ала ыкчам аракеттер көрүлүүдө

Ош облусунда илдеттин экинчи толкунуна каршы алдын ала ыкчам аракеттер көрүлүүдө

27 Июль , 21:17 407

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош облусунда жугуштуу тумоонун экинчи толкунуна каршы алдын ала ыкчам аракеттер көрүлүп жатат. Бул максатта Кара-Суу районунда ачылган күндүзгү стационарларга атайын кыдыруу уюштурулду. Учурда жумуштар калыбында жүргүзүлүп жатканына карабай, тобокелчиликке туруштук берүү үчүн кеминде өпкөнү жасалма деп алдыруучу 100дөй аппарат жана 500дөй кычкылтек концентратору керектелет.

30 жылдан бери балдар дарыгери болуп эмгектенип келген Бурма Чыйбылева учурдагы кырдаалга жараша адистигин алмаштырган. Азыр, ал Кара-Суудагы убактылуу ачылган күндүзгү стационарлардын биринде үй-бүлөлүк дарыгердин милдетин аткарууда. Кычкылтек концентратору менен өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарга жооптуу. Дарыгердин айтымында, дарылоочу жайларда борборлоштурулган кычкылтек куурун колдонуу үнөмдүү, жеткиликтүү ошол эле маалда коопсуз.


Новости по дате