http://ktrk.kg/Октябрь айынан тарта Россияда коронавируска каршы массалык эмдөө башталышы күтүлүүдө

Октябрь айынан тарта Россияда коронавируска каршы массалык эмдөө башталышы күтүлүүдө

3 Авг , 10:32 453

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко кабарлаганын чет элдик маалымат булактары жазды. Вируска каршы дарыны Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология илимий борборунун окумуштуулары иштеп чыгышкан. Министрдин айтымында, дагы бир нече вакциналар иштелип жатат. 

Биринчи коронавирустук вакцинанын клиникалык сыноосу бүттү жана каттоодон өтүү үчүн документтер пакети даярдалууда. Мындан тышкары дагы бир вакцина клиникалык сыноодон өтүп жатат. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы массалык эмдөө Россияда октябрь айында башталат. Бирок, биринчи кезекте, калктын атайын топтору маселен, дарыгерлер, мугалимдер жана адамдардын ири топтору менен ар дайым байланышта болгон жарандар эмделе турганын кошумчалады. Эске салсак, препаратты кишилерге сыноо июнь айында башталган.




Новости по дате