http://ktrk.kg/Беларус аэропорту аркылуу Европанын бир катар мамлекеттеринде жүргөн 137 жаран кайтып келди

Беларус аэропорту аркылуу Европанын бир катар мамлекеттеринде жүргөн 137 жаран кайтып келди

3 Авг , 11:18 242

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн Беларус аэропорту аркылуу Европанын бир катар мамлекеттеринде иштеп, окуп жүргөн 137 жаран Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

Бүгүнкү учак менен келген жарандардын тизмеси Европа мамлекеттериндеги жүргөн мекендештерибизди кайтаруу максатында Кыргызстандын Украинадагы элчилиги жана Кыргызстандын Европа мамлекеттериндеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан түзүлгөн. 

Кайтарылган жарандардын арасында Беларус, Австрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Польша, Швеция, Финляндия жана Украинада билим алган студенттер бар. Министрлик чет жерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланып жатканын билдирет.



Новости по дате