http://ktrk.kg/Covid-19 менен ооруп айыккандарга карата адистин кеңеши

Covid-19 менен ооруп айыккандарга карата адистин кеңеши

4 Авг , 15:15 1215

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эгер сиз Covid-19 менен ооруган болсоңуз…Адистер кеңеш берет.

Каронавирус менен ооругандарга сөзсүз түрдө маска тагынуу, коопсуздук эрежелерин сактоо, көнүгүү эрежелерин жасап туруу, жашылча жана мөмө-жемиштерди көбүрөөк пайдалануу сунушталат. Бул тууралуу кыргыз мамлекеттик мединститутунун даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы Калдыгүл Душимбекова билдирет.

Covid-19 вирусун үй шартында ден соолукка зыян келтирбестен кантип дарыласа болот?

Анын айтымында дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо абдан маанилүү. Эгерде буга чейин кимде-ким ооруп жатса, же ооруп жаткан болсо терең дем алуу жасап туруу зарыл: дем алып жана демди шашпай чыгарып туруу пайдалуу. Бул дем алуу көнүгүүсүн 1 күндө бир нече жолу жасап туруу сунушталат. Covid-19 менен жапа чеккендерге эл көп токтолгон жайга азыраак барышса жана кафе, эл көп чогулган жерлерди жапса дейт элем.

“Иммунитет толук түрдө калыбына келмейинче күрөшүү керек”- деп кошумчалады.

Бишкекте жана Ошто психологиялык жардам линиялары берилди.

Адис каронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын олуттуу экенин баса белгиледи.

Анын негизги жугуу жолу аба аркылуу бирок байланыш аркылуу жугуусу  жокко чыгарылбайт. Ошондуктан коопсуздук эрежелерин туура сактоо, маска тагынып жүрүү, антисептик каражаттарын пайдалануу, колду бат-баттан жууп туруу, үйдү күн сайын желдетип, тазалап туруу, чөнтөк телефон жана башка буюмдарды дагы дезинфекциялап туруу керек – деп белгиледи К. Душимбекова.

Оорунун көбөйүшүн алдын-алуу үчүн эң натыйжалуу ыкма бул өзүн-өзү обочолонтуу, маска тагынып жүрүү, колду бат-баттан жууп туруу- дейт Калдыгул Душимбекова.                                                      

Новости по дате