http://ktrk.kg/Облустарда ооруканалардын каралбай калган эски имараттары оңдолууда - Кыргызстан жаңылыктары

Облустарда ооруканалардын каралбай калган эски имараттары оңдолууда - Кыргызстан жаңылыктары

10 Авг , 22:03 607

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Күзүндөгү эпидемиологиялык абалга карата жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн жалпы республика боюнча бир миң төрт жүзгө жакын орун даярдалат. Ал үчүн бардык облустарда ооруканалардын каралбай калган эски имараттары оңдолуп жатат. Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында 270 койкалуу үч бейтапкана жаңыдан салынууда. Бул Сузак районундагы №36 лицейдин жатаканасы. Беш кабаттуу бул имаратка 15 жылдан бери киши жашабай, каралбай калган. Учурда бул жай капиталдык оңдоодон өтүп, жугуштуу ооруларды дарылай турган бейтапкана катары ачылганы турат. Бардык бөлмөлөр баштан аяк жасалып, 304 орунга ылайыкталган оорукана болот.


Новости по дате