http://ktrk.kg/COVID-19: “Семетей” госпиталында бейтаптардын саны кыскарды

COVID-19: “Семетей” госпиталында бейтаптардын саны кыскарды

11 Авг , 9:36 379

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Манас" аэропортунун жанында жайгашкан “Семетей” госпиталында бейтаптардын саны кыскарды. Азыркы тапта мында 8 гана бейтап дарыланып жатса, алты жаран жандандыруу бөлүмүндө. 

Буга байланыштуу андагы 5 корпус жабылып, бироо иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери экинчи толкунга даяр туруу үчүн бош калган имараттарда залалсыздандыруу иштерин жүргүзүп жатышат. Жугуштуу оорулар менен кайрылгандарга жардам берүү үчүн бул жерде атайын адистештирилген дарыгерлер иштешет.

“Оорукана өтө кыска убакытта ачылган. Башында оорулууларды чатырларда кабыл алышкан. Күзгө чейин, абанын температурасы төмөн болгондуктан, биз атайын кабыл алуу бөлүмүн ачып жатабыз”,- деди "Семетей" госпиталынын башкы дарыгери Кутман Мурзакалыков. 

Новости по дате