http://ktrk.kg/Жумалиева менен Эсенаманова Жогорку Кеңешке кайтып келеби?

Жумалиева менен Эсенаманова Жогорку Кеңешке кайтып келеби?

16 Янв 2016 , 0:48 2506

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин 1-май райондук соту “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган чечимди жокко чыгарды. 


Эске салсак, эки депутаттын мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин Борбордук шайлоо комитети 11-январда чыгарып, мындай чечим фракциянын сунушунун негизинде болгонун билдирген. Бирок Жумалиева менен Эсенаманова кызматты тапшырууга арыз жазбагандыгын айтып, сотко кайрылган болчу.

Жакынкы күндөрдөгү мандатка байланышкан Жогорку Кеңештеги талаш-тартыш маселелерин сиздер КТРКнын "Күн маек" көрсөтүүсүнөн төмөндөгү шилтеме аркылуу көрсөңүздөр болот: 

http://beta.ktrk.kg/media/video/375


Новости по дате