http://ktrk.kg/Кыргызстанда акыркы суткада коронавирусту 118 адам жуктуруп алган

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирусту 118 адам жуктуруп алган

22 Янв , 11:21 1721

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан дагы эки адам каза болду. Инфекцияны 118 киши жуктуруп алган. Ал эми 155 бейтап ооруканадан айыгып чыккан. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады. 

Бир сутка ичинде илдетти Бишкекте - 47, Ошто - 2, Чүй облусунда - 23, Ош облусунан - 10, Талас облусунда - 4, Нарында - 10, Ысык-Көл облусунда - 14, Жалал-Абад облусунда - 8 адам жуктуруп алса, Баткен облусунда ооруну жуктургандар катталган жок. 

Пандемия башталгандан бери 83 миң 703 киши инфекцияга кабылган. Өткөн сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 155 киши. Айыккандардын жалпы саны 79 миң 664 болду. Стационарда 697 бейтап дарыланууда. Анын үчөөнүн абалы канааттандыраарлык, 442 орточо, 219у оор, ал эми 33ү өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 1 миң 17 бейтап бар. Оорудан набыт болгондордун жалпы саны 1 миң 396 адам.

Новости по дате