
WhatsApp мессенджери 30 млн ашуун колдонуучусун жоготту
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Популярдуу WhatsApp мессенджери январдын башынан бери 30 миллиондон ашуун колдонуучусун жоготту. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.
Буга колдонуучулардын тиркемедеги жаңыланган шарттарды колдонуудагы кыйынчылыктар себеп болгон. Мунун натыйжасында WhatsApp колдонуучулар Signal жана Telegram сыяктуу мессенджерлерге өтө башташкан. Британ парламентинин комитетинин маалыматына ылайык, январь айынын үч жумасында Signal мессенджеринин колдонуучуларынын саны 7,5 миллион адамга көбөйгөн, 25 миллиондой колдонуучу Телеграмга кошулган.