http://ktrk.kg/«Менин үйүм 2021-2026» Өкмөт программасынын концепциясынын долбоору тартууланды

«Менин үйүм 2021-2026» Өкмөт программасынын концепциясынын долбоору тартууланды

10 Фев , 10:45 4492

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жумушчу кеңешмеге катышты, анда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому менен биргеликте иштелип чыккан «Менин үйүм 2021-2026» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын концепциясынын долбоору тартууланды.

Программа долбоору аркылуу 2021-2026-жылдары 7 500 кем эмес үй-бүлөнү турак-жай менен камсыздоо, жалпы аянты 150 000 м кв кем эмес турак-жай сатып алууну жана курууну каржылоо, жалпы суммасы 5 млрд сомдон кем эмес инвестиция тартуу, 1 млрд сомдон кем эмес суммадагы ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу каралууда.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Менин үйүм 2021-2026» Программасынын концепциясынын долбоорун жактыруу чечилди.

Жакынкы арада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Менин үйүм 2021-2026» Программасынын долбоорун бекитүү жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тийиштүү мамлекеттик органдарга өнөктөш-банктар жана донорлор менен биргеликте мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык ченди кыскартуу жөнүндө маселени иштеп чыгууну тапшырды.

Новости по дате