
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 41 адамдан табылып, 49 адам айыгып чыккан
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 41 адамдан табылып, 49 адам андан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 359 бейтап, амбулатордук түрдө 259 адам дарыланууда.
"Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 206 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 194 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 451 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 424 киши айыгып чыкса, 1 миң 470 адам каза болду.