http://ktrk.kg/Финансы полициясын жоюу жөнүндө чечим кабыл алынды

Финансы полициясын жоюу жөнүндө чечим кабыл алынды

5 Март , 14:15 244

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюлмай болду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Тийиштүү токтомго Премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. 

"Расмий маалыматтарга ылайык, көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сом же ИДПнын 23,6 пайызын түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттер аталган көрсөткүч 24-43 пайыз экенин айтышууда. Бул Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын иши максатка ылайык жүргүзүлбөй жатканынан кабар берет", — деп айтылат маалыматта. 

Токтомдо аталган кызмат экономикалык коопсуздукту камсыздап, божомолдоо жүргүзүү функцияларын аткарышы керектиги, бирок акыркы убакта Финпол жазалоо менен гана алектенип калганы белгиленет. Эскерте кетсек, аталган кызматты октябрь окуяларынан кийин Сыймык Жапыкеев жетектеп келген.


Новости по дате