http://ktrk.kg/"Ганси" авиабазасын ооруканага айлантуу үчүн мамлекеттен бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдалануу фактысы аныкталды

"Ганси" авиабазасын ооруканага айлантуу үчүн мамлекеттен бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдалануу фактысы аныкталды

5 Март , 14:26 246

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аскер прокуратурасы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары бюджеттик каражатты максатсыз пайдаланган учурду таап чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, коронавирус апаатына каршы күрөш жүргүзүү максатында "Ганси" авиабазасын илдетке чалдыккандарды кабыл алуучу ооруканага айлантуу үчүн мамлекеттен каражат бөлүнгөн. Тийиштүү кызматкерлер акчаны максатсыз пайдаланган.

"Текшерүүдө аныкталгандай, "Аскер курулуш" ишканасынын кызмат адамдары жең ичинен сүйлөшкөн компаниялар менен бирге жасалган жумуштардын көлөмүн, курулуш материал, жабдыктардын баасын негизсиз кымбаттатып жазганы аныкталды. Мындан сырткары, жасалган иштер ар башка субподрядчылардын актыларында кайталанып көрсөтүлгөн. Натыйжада мамлекеттин казынасына 2 жарым миллион сомдон ашык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча текшерүүнүн материалдары Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өңдүрүш башталды.

Новости по дате