
Бишкекте 6-7-март күндөрү айыл чарба продукцияларынын жарманкеси болот
5 Март , 16:47
240
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Жарманке эртең менен саат 10:00дө башталат. Анда азык-түлүктүн түрлөрү дүкөндөрдөгү баадан төмөнүрөөк наркта сатылат. Өкмөттөн белгилешкендей, сүт азыктары, ун жана башка товарлар базар баасынан 10-15 пайызга арзан болот.
Жарманкелер Раззаков көчөсүнүн Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн чектешкен аймагында, 12-кичирайонундагы Жетикашкаев жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишкен бөлүгүндө, Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде, Чыгыш-5 кичирайонунда өтөт.