http://ktrk.kg/Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн окуу жайларга милдеттүү түрдө тапшыруусун камсыздоо зарыл -, Артем Новиков

Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн окуу жайларга милдеттүү түрдө тапшыруусун камсыздоо зарыл -, Артем Новиков

18 Март , 11:22 559

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандагы балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү ЖОЖдорго жана орто кесиптик окуу жайларга милдеттүү түрдө тапшыруусун камсыздоо зарыл. Бул туурасында Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн билим берүү, эмгекке орноштуруу, турак жай менен камсыздоо жана андан аркы интеграциялоо маселелерин талкуулоо боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдирди. 

«Бизде мыйзам жүзүндө, Өкмөттүн деңгээлинде балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн мамлекет тараптан турак жай менен камсыздоо жаатында көптөгөн программалар кабыл алынган. Буга катар бүгүнкү күндө балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайларда окутуунун кепилденген механизмдери, андан ары эмгекке орноштуруу кепилдиги жок. Ошол эле учурда энергетика, ветеринария, билим берүү тармагында адистердин жетишсиздиги орун алгандыгын айтып келебиз. Балдар мекемеден чыгарылган соң тармактык кызматтар аркылуу алардын келечек тагдыры жана эмгекке орноштуруу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлбөйт», - деди Артем Новиков.

 
Биринчи вице-премьер-министр Билим берүү жана илим министрлигине, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине үстүбүздөгү жылдын апрель айында балдар үйүнөн чыккан абитуриенттерди ЖОЖго тапшырууга тийиштүү деңгээлде даярдап чыгуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Үстүбүздөгү жылдын июль айында жатаканада орун берилүү менен ЖОЖдордо 100дөн кем эмес гранттык орун камсыздалышы зарыл. Колледждер жана кесиптик окуу жайлар ишканалар менен өз бүтүрүүчүлөрүн адистиктери боюнча ишке орноштуруу маселесин иштеп чыгуусу керек.
 

Новости по дате